Биз менен байланышыңыз

«Чоң-Капка — Автожолдо» күйүүчү майды мыйзамсыз ташууга аракет кылган жаран кармалды

Кыска кабар | 22 Июл 2019 | 403 | 0

«Чоң-Капка-Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен 350 литрден ашык күйүүчү майды мыйзамсыз ташып өтүүгө аракет кылгандар колго түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен иштөө бөлүмү кабарлады.

Бүгүн, 22-июлда көзөмөл өткөрүү бекетинен Казакстандан келген «Фольксваген-Пассат» унаасын текшерүү учурунда багажынан бир канча идиште жалпы көлөмү 350 литрден ашык күйүүчү май бар экени аныкталган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин, Кыргызстандын 1996-жылы туулган жараны К. Б. уулу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM