Биз менен байланышыңыз

Бакай-Ата районун таза суу менен камсыз кылууга 86 млн. сомдук долбоор башталды

Кыска кабар | 22 Июл 2019 | 535 | 0

Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айыл аймагында «Таза суу менен камсыз кылуу» программасынын негизинде жалпы сметалык баасы 86 млн сомду түзгөн долбоор башталды. Бул тууралуу Бакай-Ата районунун акими Чолпонкул Төрөкулов билдирди.

«Бүгүнкү күндө 1 км 400 метрге труба ташталды. Жалпы узундугу 33 км болуп, Өзгөрүш айыл өкмөтү толук, башкача айтканда, 7500 адам таза суу менен камсыз болот», — деди аким.

Бул президент Сооронбай Жээнбековдун «2023-жылга чейин аймактарды таза суу менен толук камсыз кылуу» программасынын негизинде ишке ашып жаткан Бакай-Ата районундагы биринчи долбоор болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM