Биз менен байланышыңыз

Талас: Беш-Булактагы жаңы мектеп сентябрда окуучуларга эшигин ачат [фото]

Кыска кабар | 22 Июл 2019 | 686 | 0

Таластын Бакай-Ата районудагы Өзгөрүш айыл аймагынын Беш-Булак конушунда жаңы мектеп бүткөрүлдү. Мектеп сентябрда окуучуларга эшигин ачат. Бул тууралуу аталган мектептин директору Динара Нусубалиева билдирди.

Анын айтымында, мектеп 125 окуучуга ылайыкташкан, шарттары жакшы. Компьютердик класстар менен камсыздалган.

Мектеп Кувейт өлкөсүнүн каржылык көмөгү менен 12 млн сомго бүткөрүлгөн.

 

Copyright © 2017 Maral FM