Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Алай районунун алыскы айылдарына барды

Кыска кабар | 21 Июл 2019 | 1099 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 20-июлда ал Ош облусунун Алай районундагы алыскы Сары-Таш жана Күн-Элек айылдарына барды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Аталган айылдар деңиз деңгээлинен 3250 метр бийиктикте жайгашкан. Мамлекет башчысы менен жолугушууда Сары-Таш айылындагы № 39 орто мектептин авариялык абалы жана Күн-Элек айылында мектептин жаңы имаратынын курулушунун кечеңдөөсү айтылды.

Ошондой эле, тургундар медициналык кызмат көрсөтүүчү мекемелердин жана алгачкы жардам көрсөтүүчү дарыгерлердин жоктугу тууралуу айтышып, социалдык маселелерди көтөрүштү.

Сооронбай Жээнбеков айылдыктар менен маектешүү учурунда 2020-жылдын жазынан тартып жаңы мектептин курулушу башталарын жана коопсуз шартта билим алуу мүмкүнчүлүгү пайда болорун белгиледи. Күн-Элек айылындагы мектептин курулушун ушул жылдын октябрында аяктоо пландаштырылууда.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевдин маалыматы боюнча,  № 39 мектеп 1986-жылы курулган, анда 250гө жакын окуучу билим алат.

Президент тургундар тарабынан көтөрүлгөн бардык маселелер боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик иш алып барарын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM