Биз менен байланышыңыз

Украинада парламенттик шайлоо өтүп жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Июл 2019 | 619 | 0

Бүгүн, 21-июлда Украинанын Жогорку Радасына депутаттарды шайлоо жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Жогорку Радада 450 мандат бар. Анын 225и партиялык тизме менен келсе, 225и бир мандаттуу округдан шайланып келиши керек.

Акыркы алынган маалыматтарга караганда, парламентке ат салышуу үчүн 22 партия катталган. Екзит-поллдун эсеби боюнча, президент Владимир Зеленскийдин «Слуга народа» партиясы, Юрий Бойко жана Вадим Рабиновичтин «Оппозиционная платформа – За жизнь» партиясы, Украинанын мурдагы президенти Петр Поршенконун «Европейская Солидарность» партиясы, Юлия Тимошенконун «Батькивщина» партиясы, Святослав Вакарчуктун «Голос» партиясы эң көп добуш алып, рейтингде алдыңкы орунду ээлеген.

Ал эми бир мандаттуу округдан 3178 талапкер катталган. Анын ичинен 1439у партия же коомдук уюмдар тарабынан көрсөтүлсө, 1739у өзүн өзү көрсөткөн.

Эске салсак, Украинанын жаңы шайланган президенти Владимир Зеленский 22-майда Жогорку Раданы мөөнөтүнөн мурда таратып, кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүү тууралуу Жарлык чыгарган. Жарлыкка ылайык, шайлоо 21-июлга белгиленген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM