Биз менен байланышыңыз

«Сары-таш — 2019» машыгуунун жыйынтыктоочу  этабы өттү (фото)

Кыска кабар | 21 Июл 2019 | 465 | 0

20-июлда Ош облусунун Алай районундагы «Сары-Таш» машыгуу аянтчасында «Сары-Таш — 2019» атайын тактикалык машыгуунун жыйынтыктоочу этабы өттү. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Машыгуунун жүрүшүнө Кыргыз Республикасынын президенти, Куралдуу Күчтөрдүн башкы командачысы Сооронбай Жээнбеков байкоо жүргүзүп, курал-жарактар, аскер шаймандары жана согуш техникалары менен таанышты.

Мамлекет башчысы бул машыгууларды өткөрүү мамлекеттин коопсуздугунун бекемделишине өбөлгө болорун жана кошуна өлкөлөр менен кызматташтыктын духуна шайкеш келерин белгиледи.

«Ар түрдүү уюмдарга жана союздарга биригүү менен  көпчүлүк мамлекеттер эл аралык терроризм жана экстремизм менен күрөшүүдө активдүү көмөктөшүүдө. Бул күрөштө биздин республика башка өлкөлөр жана эл аралык коомчулук менен бир катарда турат. Кыргызстандын БУУга, ШКУга жана ЖККУга катышуусу учурдун чакырыктарынын жана коркунучтардын алдын алууда бардык мамлекеттердин жалпы дараметин жогорулатат», — деди Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын армиясынын дараметин жогорулатууга жардам берип жатышкан өнөктөш мамлекеттердин өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Иш-чарага Орусиянын, Казакстандын, Индиянын аскер атташелери, россиялык «Кант» аскерий базанын жетекчилиги жана эл аралык Кызыл крест комитетинин өкүлдөрү катышышты.

Куралдуу Күчтөрдүн кургактагы армиясынын кол башчысы Алмазбек Карасартовго «Сары-Таш» машыгуу майданынын инфратүзүмүн жакшыртуу үчүн 300 миң сомдук тастыктама тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM