Биз менен байланышыңыз

Эл аралык шахмат күнү белгиленүүдө

Кыска кабар , Спорт | 20 Июл 2019 | 610 | 0

Бүгүн 20-июлда эл аралык шахмат күнү белгиленүүдө. Эл аралык шахмат күнү 1966-жылдан бери белгиленип келе жатат. Бул майрам Бүткүл дүйнөлүк шахмат федерациясы (ФИДЕ) тарабынан уюшулган.

ФИДЕ 1924-жылдын 20-июлунда Франциянын борбору Париж шаарында түзүлгөн.

ФИДЕнин маалыматына  ылайык дүйнө жүзү боюнча шахмат ойногондордун саны 600 миллиондон ашат.

Бул даталуу күн 178 мамлекетте белгиленет. Майрамды белгилөө ЮНЕСКОго киргизилген.

Бул күнү ФИДЕнин колдоосу менен ар түрдүү тематикадагы иш чаралар жана мелдештер уюштурулат.

Бир эле маалда көптөгөн шахматчылар менен ойнолуучу сеанс-беттештер абак жайларда да өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM