Биз менен байланышыңыз

Кадамжайда чек ара мыйзамын бузган өзбекстандык аял кармалды

Кыска кабар | 20 Июл 2019 | 604 | 0

Кадамжайда чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет жасаган Өзбекстандын жараны кармалды.

Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Чек арачылар Баткендин Кадамжай районунда “Кадамжай-автожол” көзөмөл-өткөрмө бекетинде Кыргызстанга мыйзамсыз өтүүгө аракеттенген Өзбекстандык 42 жаштагы айымды кармашты.

Чек арадагы паспорттук текшерүүдөн өтүү учурунда М.Е. аттуу аял 45 жаштагы башка бирөөнүн паспортун көрсөткөн.

Мыйзамсыз аракети билинип калган айым эжесинин паспортун көрсөткөнүн мойнуна алган.

Тийиштүү документтер толтурулуп, Өзбекстандын жараны УКМКнын аймактык башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Copyright © 2017 Maral FM