Биз менен байланышыңыз

Меркель: Мөөнөтүм бүткөнчө милдетимди аркалайм

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Июл 2019 | 750 | 0

Германиянын канцлери Ангела Меркель кызматтык милдетин мөөнөтү бүткөнгө чейин аткарат. Бул тууралуу ал өзү журналисттерге билдиргенин РИА новости жазды.

Канцлердин милдетин аткаруучу адам дени сак, ишин аткара ала тургандай болушу керектигин, андыктан, мөөнөтү бүткөнчө кызматын так өтөөрүн айткан.

Буга чейин Меркелдин денесин калтырак баскан окуя 3 ирет катталып, маалымат булактарында саламаттыгына байланыштуу кызматтан кетери айтыла баштаган.

«Менин саламаттыгыма кызыкканыңарды түшүнөм. 2021-жылы мөөнөтүм аяктайт. Ошондо саясий ишмердигимди бүтүрөм. Андан кийин да аркы дүйнөгө кеткенге чейин дени сак өмүр сүрөм деген үмүттөмүн», — дейт Меркель.

Ангела Меркель 17-июлда 65 жашка толду.

Кошумчалай кетсек, Ангела Меркель Германиянын канцлердик постун 2005-жылдан бери ээлеп келет. Ал буга чейин 2021-жылы канцлердик мөөнөтү бүткөн соң, кызматка кайра ат салышпай турганын жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM