Биз менен байланышыңыз

«Санариптик Кыргызстанды» ишке ашыруу боюнча жыйын өттү

Кыска кабар | 19 Июл 2019 | 441 | 0

Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун төрагалыгы астында «Санариптик Кыргызстан» концепциясын ишке ашыруу, «жол картасынын» аткарылышын координациялоо боюнча республикалык штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, санариптик трансформациялоо иштерин алдыга жылдыруу жана координациялоо максатында республикалык штаб түзүлдү.

«Мисалы, аталган «жол картада» «Санарип аймак», «Акылдуу мектеп», «IT-поликлиника», «Юридикалык жактарды электрондук каттоо», Электрондук билим берүүнү жана ошондой эле, санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча бир топ иш-чараларды ишке ашыруу долбоорлору бекитилген», – деди Кубатбек Боронов.

Биринчи вице-премьер-министр Санарип трансформациялоо процессинде интернет Кыргызстандын бардык аймагында болушу керектигин баса белгилеп, «Кыргызтелеком» бул тармакта өз убагында маселени чечүүсү зарыл экендигин билдирди.

Жыйындын аягында мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди:

– Мамлекеттик органдарда «INFODOCS» электрондук документ алмашуу маалыматтык системасын киргизүүнү тездетүү;

– «E-kyzmat» маалыматтык туюмун киргизүү иштерин ылдамдатуу;

– «Электрондук нотариат», «Издөө», «Юридикалык жактарды электрондук каттоо», «Электрондук патент» маалыматтык системаларын ишке киргизүүнү тездетүү;

– «Акылдуу мектеп», «Мектеп медицина – IT-поликлиника» долбоорлорун ишке ашырууну тездетүү;

Мунун негизинде 453 айыл өкмөтүндө маалымат базасы түзүлгөн жана тийиштүү мамлекеттик органдар менен электрондук маалымат алмашуу «Санарип аймак» долбоору аркылуу камсыздалышы керек.

Кошумчалай кетсек, учурда «Кыргызтелеком» 556 билим берүү мекемесин, 288 айыл өкмөтүн, 580 медициналык мекемелерин жана почта бөлүмдөрүн интернетке кошту.

«Кыргызтелеком» 2019-жылдын аягына чейин дагы 104 аймактагы мектепти, 102 айыл өкмөтүн, 600 медициналык мекемени жана 700 почта бөлүмүн интернетке кошууну пландоодо.

Copyright © 2017 Maral FM