Биз менен байланышыңыз

Президент Олимпиада чемпиону Татьяна Колпаковага энчилүү саат белек кылды

Кыска кабар | 19 Июл 2019 | 506 | 0

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, СССР спортунун эмгек сиңирген чебери, узундукка секирүү боюнча Олимпиада чемпиону, Кыргызстанда төрөлгөн Татьяна Колпакова менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Президент 1980-жылы Москва шаарында өткөн XXII жайкы Олимпиада оюндардагы Татьяна Колпакованын эң сонун жетишкендиги анын талантынын, эрктүүлүгүнүн жана максатка жете билгендигинин жаркын күбөсү экенин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков 1997-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан Татьяна Колпакова атындагы эл аралык турнир анын мыкты спорттук жетишкендиктерине кыргызстандыктардын берген бийик баасы, спортчуга болгон урмат-сыйы экенин айтты.

Өлкө башчысы белгилүү спортчу Татьяна Колпаковага өлкөбүздө спортту жана дене тарбияны өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы үчүн ага Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү саатын белекке берди.

Сооронбай Жээнбеков жана Татьяна Колпакова өлкөбүздүн жаш жеңил атлетчилеринин жетишкендиктерин жана ийгиликтерин жогору баалашып, спорттун бул түрүн мындан ары өнүктүрүү чаралары тууралуу пикир алмашышты.

Белгилей кетчү жагдай, 2019-жылы Татьяна Колпакованын сыйлыгы үчүн турнирге Кыргызстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан, Казакстандан жана Индиядан 200гө жакын спортчу катышты.

Copyright © 2017 Maral FM