Биз менен байланышыңыз

Иран аткезчилик менен мунай ташыган танкерди кармады (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Июл 2019 | 122 | 0

Ирандын Революция сакчылары корпусунун аскерлери Перс булуңунда мунай ташыган чет өлкөлүк танкерди колго түшүрдү. Бул тууралуу «Евроньюс» малымат булагы билдирди.

Кылмышка шектүүлөр миллион литр мунайды аткезчилик жол менен ташып бараткан. Танкта 12 адам болгон.

Вашингтон Тегерандын аракетин коопсуздукту бузуу деп атап, танкерди дароо бошотууга чакырган.

Май-июнь айларында АКШ Ирандын Революция сакчылары корпусунун аскерлери Оман жана Перс булуңдарында танкерлерине чабуул коюшкан деп айыптаган. Тегеран бул дооматты четке каккан.

Copyright © 2017 Maral FM