Биз менен байланышыңыз

Өзгөчө кырдаалдар министринин кеңешчиси $146 миң пара алууга шектелип камалды

Кыска кабар | 19 Июл 2019 | 394 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министринин кеңешчиси Нурбек Жолборсов пара алды деген шек менен кармалып, 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Нурбек Жолборсов 146 миң доллар пара алды деп шектелип, 6-июль күнү кармалган. Ал эки айга камакка алынганы тууралуу бүгүн айтылууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул боюнча азырынча расмий билдирүү айта элек.

Copyright © 2017 Maral FM