Жапониянын Киото шаарындагы анимациялык студияны өрттөгөн адам кылган ишинин себебин ачыктады. Бул тууралуу Kyodo агенттигине шилтеме жасап, ТАСС порталы жазды.
«Алар менин чыгармачылык идеямды уурдап алгандыктан, ушундай кадамга бардым», — деп түшүндүргөн.
18-июлда «Kyoto Animation» студиясында чыккан өрттөн 33 адам каза болду. Дагы 36 адам ар кандай жаракат алган. Өрт «Kyoto Animation» жайгашкан 3 кабаттуу имараттын баарын каптаган. Аны өчүрүүгө 30 топ тартылган. Өрт 5 саатта араң өчүрүлгөн.
«Kyoto Animation» жапон компаниясы 1981-жылы түзүлгөн. «KyoAni» деп кыскартылган анимациялык студия «K-On!», «Меланхолия Харухи Судзумии», «Кланнад» сыяктуу анимелери менен белгилүү.