Биз менен байланышыңыз

Атамбаев бүгүн да ИИМге суракка келген жок

Кыска кабар | 19 Июл 2019 | 709 | 1

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына суракка бүгүн да келген жок. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Кечээ мурдагы президентти суракка чакырган билдирүү каты берилген. Ал катта Атамбаев 19-июлда саат 10:00дө суракка барышы керектиги жазылган.

Мурдагы президентке сурак берүү үчүн билдирүү кагазы биринчи жолу 8-июлда, андан кийин 10-июлда келген.

Бирок Атамбаев: «Азыркы бийлик укуктук талаадан чыгып кетти», — деп, тергөөчүнүн сурагына барбай тургандыгын айтып келет.

1 пикир

1 пикир

  1. Аты жок

    19.07.2019 11:29

    Бири өлүп,бири калсын бакуш карапайым эл аларсыз эле өзүнүн арабасын өзү айдап келген дальше айдай берет палитика карапайым элге кызыксыз кырсыктан башка эч нерсе алып келбейт

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM