Биз менен байланышыңыз

Аптаптын айынан аңыз-шалбаа көп өрттөнүүдө

Кыска кабар | 19 Июл 2019 | 441 | 0

Кечээ, 18-июлда жалпы өлкө аймагында 39 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.

Мунун ичинен Бишкек шаарында — 5, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда — 19, Нарын облусунда — 2, Талас облусунда — 1, Ош облусунда — 3, Баткен облусунда — 3, Жалал-Абад облусунда — 3 өрт кырсыгы катталган.

Алынган маалыматка таянып айтсак, катталган 39 өрт кырсыгынын 27си эгин талаадан, өсүп турган же жыйылган чөптөн чыккан. Айталы, Чүй облусунда болгон 19 өрттүн 12си чөптүн же эгиндин өрттөнүп кетүүсүнөн улам болгон. Мунун ичинен Сокулук районунда 31 гектар арпа эгилген аңыз толугу менен күйүп кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM