Биз менен байланышыңыз

Прокурор Азимкан Жусубалиевди 20 жылга эркинен ажыратууну сурады

Кыска кабар | 18 Июл 2019 | 534 | 0

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 50 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган Транспорт жана жолдор министринин мурунку орун басары Азимкан Жусубалиевдин иши каралды.

Соттук отурумдун жүрүшүндө прокурор мурдагы чиниовникти 20 жылга эркинен ажыратууну сурады.

Ал эми жактоочусу Жыргал Бабаев далилдердин жетишсиз экенин жүйө келтирип, аны актоону өтүндү.

Азимкан Жусубалиев Кылмыш-жаза кодексинин «Пара алуу», «Пара талап кылуу» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча сурак берип жатат.

Прокурор аталган ишке тиешеси бар дагы бир соттолуучу Болот Токтобаевди 4 жылга эркинен ажыратып, айып пул салууну, ал эми үчүнчү соттолуучу Бехруз Гулрузовго жөн гана айып пул салууну суранды.

Эске салсак, 2018-жылдын 5-декабрында Транспорт жана жолдор министринин мурунку орун басары Азимкан Жусубалиев: «Жолдорду куруу жана оңдоо боюнча тендерди силердин пайдаңарга чечип берем», — деп, чет элдик компаниядан пара талап кылган. Ал талап кылган 500 миң доллардын 50 миңин алып жаткан жеринен кармалган.

 

Copyright © 2017 Maral FM