Биз менен байланышыңыз

Ли Нак Ёндун расмий сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду  

Кыска кабар | 18 Июл 2019 | 453 | 0

Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ёндун Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалыматык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кол коюлган документтер:

  • 2016-жылдын 11-июлундагы Кыргыз Өкмөтү менен Түштүк Корея Өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамдары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол;
  • Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Корея Деңиз институтунун ортосундагы меморандум;
  • Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясы менен Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин улуттук дипломатиялык академиясынын ортосундагы меморандум;
  • Кыргыз Өкмөтү менен Түштүк Корея Өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз жардам көрсөтүү жөнүндө алкактык макулдашууга парафирленген макулдашуу;

Copyright © 2017 Maral FM