Биз менен байланышыңыз

АКШ: Юстиция жана Соода министрлерине айып салынат

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Июл 2019 | 573 | 0

АКШ палатасында Башкы прокурор Уильям Барр жана Соода министри Уилбур Россту конгресске болгон сыйлабастыгы үчүн айыпка тартуу маселеси көтөрүлдү. Мындай маселе калкты жайгаштыруудагы сурамжылоого «жарандык» графасын кошуу боюнча маалымат берүүдөн баш тарткандан соң келип чыккан.

Кабыл алынган резолюция ишти улантуу үчүн башпрокурордун кеңсесине жиберилет.

Бирок башкы прокуратураны Барр өзү жетектеп тургандыктан, аталган кеңседен палата күткөндөй чечим чыгары күмөн экенин белгилейт жергиликтүү маалымат булактары.

NBC News телеканалы билдиргендей, конгресске карата сыйлабастык мамиле үчүн бир жыл абакка кесилет, же 100 миң доллар өлчөмүндөгү айып салынат.

Copyright © 2017 Maral FM