Биз менен байланышыңыз

Путин Меркелди туулган күнү менен куттуктады

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июл 2019 | 714 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу Германиянын канцлери Ангела Меркелди 65 жашы менен куттуктады. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы жазды.

Ошондой эле, Путин куттуктоо телеграммасын да жөнөткөн. Анда Меркелге ден соолук жана ийгилик каалап, мындан ары да жакын мамиледе кызматташуу ниетин билдирген.

Кошумчалай кетсек, Ангела Меркель Германиянын канцлердик постун 2005-жылдан бери ээлеп келет. Ал буга чейин 2021-жылы канцлердик мөөнөтү бүткөн соң, кызматка кайра ат салышпай турганын жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM