Германиянын Коргоо министри Урсула фон дер Ляйен Европа Комиссиясынын башчысы кызматына шайланды. Анын талапкерлигин 383 депутат колдоп берген.
Фон дер Ляйен Еврокомиссияны башкарган алгачкы аял болууда. Ал Германиянын Коргоо министри кызматын бүгүн 17-июлда тапшырып берет.
Ал жаңы кызматына 1-ноябрдан баштап киришет. Европа Биримдигинин (ЕБ) жогорку аткаруу органы эсептелген бул мекемени буга чейин люксембургдук Жан-Клода Юнкер жетектеп келген.