Биз менен байланышыңыз

Индияда 5 млн адам суу каптаган аймакта калды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июл 2019 | 569 | 0

Индиянын түндүк-чыгышында жайгашкан Ассам штатында 5,2 миллион адам суу астында калды. Индиянын NDTV телеканалы билдиргендей, 150 миңден ашык адам убактылуу лагерлерге көчүрүлдү, эвакуация уланууда.

Катуу жааган муссондук нөшөрдөн улам штаттын 31 миллион тургуну бар 30 аймагын сел каптаган. 17-июлдагы маалыматтарга ылайык, 20 адам каза болгон, ондогон адамдар дайынсыз жоголгон. Кээ бир кыштактар 90 % сууга толуп калган.

Учурда табигый кырсык менен күрөшүүчү Улуттук кызматчылар жана аскер кызматкерлери куткаруу иштерин жүргүзүүдө. Калкты коопсуз аймакка көчүрүү үчүн аскердик тик учактар колдонулууда.

Copyright © 2017 Maral FM