Биз менен байланышыңыз

Баткенде күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 17 Июл 2019 | 941 | 1

Баткенде күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Кечээ түштөн кийин катталган зилзаланын очогу Баткен облусунун Сары-Өтөк айылына 10 чакырым, Айдаркен шаарчасына 20 чакырым жакын жерде болду.

Силкинүү күчү Сары-Өтөк, Совет, Кызыл-Коргон, Шуран, Айдаркен, Сур, Ормош, Кызыл-Коргон, Жаны-Коргон айылдарында 5 баллга жеткен.

Баткен жана Кадамжай шаарларында жана бир катар айылдарда 4 балл, андан алысыраак айылдарда 3, 2 баллга чейин сезилген.

Адам өмүрүнө коркунуч келген учурлар, кыйроолор болгон эмес.

Copyright © 2017 Maral FM