Биз менен байланышыңыз

Футбол: Азия аймагында Дүйнө чемпионатына чүчүкулак тартылат

Кыска кабар , Спорт | 17 Июл 2019 | 624 | 0

Бүгүн футбол боюнча Кыргызстан курамасынын 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатына тандоо турундагы атаандаштар аныкталат.

Малайзиянын борбору Куала-Лумпур шаарында 2022-жылда өтүүчү дүйнө чемпионатына Азия чөлкөмүнөн тандоо этабына чүчүкулак тартылат.

Дүйнөлүк футбол уюмунун рейтингине ылайык 40 команда 5 кутучага бөлүнгөн.

Кыргызстан курамасы экинчи кутучага жайгашты. Командалар чүчкулактын жыйынтыгы менен 8 тайпага бөлүнөт.

Тандоо турунун жыйынтыгы менен тайпадан биринчи орунду ээлеген 8 команда жана экинчи орунду алган мыкты көрсөткүчү бар 4 команда 2023-жылы өтүүчү Азия Кубогуна жолдомо алат. Ошондой эле, Дүйнө биринчилигине жолдомо алуу боюнча тандоо турундагы күрөшүн улантат.

Кыргызстан курамасы буга чейинки Дүйнө жана Азия Кубогуна тандоо турунда өз тайпасында экинчи орунду камсыздап, 2018-жылдагы Азия Кубогунун плей-офф баскычына чейин жеткени маалым.

Copyright © 2017 Maral FM