Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев айыл чарба илим-изилдөө институттарын колдоо чараларын иштеп чыгууну тапшырды  

Кыска кабар | 16 Июл 2019 | 369 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Сокулук районундагы «Элита» селекциялык станциясы менен жеринен таанышып, чарбанын аймагын, жабдууларды жана айыл чарба техникасын, лабораториясын, фермасын көрүп чыкты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр белгилегендей, керектүү инфратүзүмү: өндүрүштүк имараты, жайыты, тоют базасы, техникасы жана жабдуулары бар мындай өзгөчө айыл чарба объекттерин сактап калууга жана өнүктүрүүгө зарыл чаралар көрүлөт.

Өкмөт башчы белгилегендей, республика малдын башы боюнча советтик мезгилдеги көрсөткүчтөргө жетише алганы менен селекциялык кеңири масштабдуу тутумдун жана асыл тукум боюнча иштердин жоюлушунан улам мал чарба продукциясынын сапаты боюнча кырдаал кыйын бойдон калууда.

Андан соң Өкмөт башчы Мал чарбачылыгы жана жайыт илимий изилдөө институтуна барып, анда анын ишмердүүлүгү жана көйгөйлөрү менен таанышты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, айыл чарба илими жаатында топтолгон маселелерди чечүү үчүн тиешелүү илимий изилдөө институттарын колдоо программасын иштеп чыгуу зарыл.

«Чачыранды чарбаларды тутумсуз колдоо тийиштүү натыйжа бербейт жана ата мекендик айыл чарбасын өнүктүрүү ишине чоң пайда алып келбейт. Өкмөттүн колдоосу менен гана биз жакынкы жана алыскы келечекте реалдуу жыйынтыктарга жетише алабыз», — деди Абылгазиев.

 

Copyright © 2017 Maral FM