Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков «Санарип аймакты» ишке киргизүүнү күчөтүүнү тапшырды

Кыска кабар | 16 Июл 2019 | 1050 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июлда Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы, Президенттин кеңешчиси Дастан Догоевди жана «Электрондук өз ара аракеттешүү» борборунун директору Нурия Кутнаеваны кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө адам факторун четтетүү маанилүү милдет болуп саналат. Санарип технологияларын өнүктүрүүнүн натыйжасында өлкө калкы жана бизнес үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Дастан Догоев билдиргендей, жакынкы мезгилде 189 мамлекеттик кызмат электрондук форматка өткөрүлөт. Бул кезек күтүүнү 30 %га чейин кыскартат.

«Электрондук өз ара аракеттешүү» борборунун директору Нурия Кутнаева бүгүнкү күнгө карата 60 мамлекеттик орган жана мекеме «Түндүк» мекемелер аралык электрондук өз ара аракеттешүү системасына кошулганын маалымдады.

2018-жылдын июль айында бул системага 18 мамлекеттик орган кошулган болчу.

Мындан тышкары, бүгүнкү күнгө карата 24 мамлекеттик органда маалыматтардын 71 базасы ишке кирди. Жылдын аягына чейин ишке киргизилген маалымат базалардын саны 80ге жетет. Бул министрликтер менен мекемелер ортосундагы 2 миллионго чукул суроо-талапты электрондук форматка өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Президент Сооронбай Жээнбеков жылдын аягына чейин электрондук форматтагы мамлекеттик кызматтардын санын көбөйтүүнү, «Санарип аймак» программасын ишке киргизүүнү жана мамлекеттик органдар ортосунда санариптештирүү маселелери боюнча байланышты жөнгө салуу ишин күчөтүү милдетин эске салды.

Copyright © 2017 Maral FM