Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кенеш «Лексус-470» унаасын оңдоого 254,4 миң сом бөлдү

Кыска кабар | 16 Июл 2019 | 1048 | 1

Жогорку Кенеш бир эле «Лексус-470» унаасынын оңдоо иштерине 254,4 миң сом сарптайт. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

2003-жылы чыгарылган «Лексус-470 LX» үлгүдөгү унааны оңдоо пландалып жатат.

Унаанын алдыңкы тетиктери менен кошо маңдайкы айнеги да алмаштырылат. Келишимде төлөмгө оңдоо-тейлөө иштери да киргизилген. Каржылоо республикалык бюджеттен бөлүнөт.

Белгилеп кетүүчү жагдай, Жогорку Кеңеш токтом менен чиновниктерге бюджеттик каражаттын эсебинен эмерек жана унаа сатып алууга тыюу салган.

Бирок бул чектөө «Тез жардам» унаасын сатып алууга тиешеси жок.

Copyright © 2017 Maral FM