Биз менен байланышыңыз

Ак-Буурага аккандардын дагы бирөөсү табыла элек

Кыска кабар | 16 Июл 2019 | 607 | 0

Ош облусунун Ноокат районунда унаа менен Ак-Буура суусуна түшүп кеткендерден дагы бир жаран табыла элек.

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Куткаруу кызматы издөө иштерин улантууда. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Кечээ издөө иштерин улантуу үчүн ӨКМден жалпы 64 куткаруучу тартылып, эртең менен 1946-жылы туулган Р.Э. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Ал эми кечке жуук жергиликтүү тургундар тарабынан 1960-жылы туулган Р. И. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылып, милиция  кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Эске сала кетсек, 14-июлда Ош-Папан-Кожокелен унаа жолунун 60-чакырымында Ак-Буура суусуна ВАЗ-21099 үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Унаада 3 эркек, 1 аял болгон. 14-июль күнү кечинде 1963-ж.т. Р.И. аттуу эркек кишинин жансыз денесин табылган.

Copyright © 2017 Maral FM