Биз менен байланышыңыз

Баткен: Очогунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 15 Июл 2019 | 401 | 0

Бүгүн, 15-июлда саат 14:50дө Баткен облусунун аймагында очогунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиришти.

Жер титирөөнүн күчү Баткен шаарында — 2,5 балл, Баткен районунун Чарбак, Боз-Адыр айылдарында 2 балл жана Бөжөй айылында 4 баллга чейин сезилген. Кадамжай районунун Өтүкчү айылында 4 балл, Айдаркен шаарында, Кызыл-Коргон, Совет, Кара-Тумшук, Ормош айылдарында 3,5 баллга чейин жер титирөө катталды.

Жабыркоолор жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM