Биз менен байланышыңыз

«Ак-Тилек» пунктунан бир катар мыйзам бузуулар аныкталды

Кыска кабар | 15 Июл 2019 | 475 | 0

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Ак-Тилек автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды ташып келүү боюнча бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Товарларды ташып келүү үчүн салыктык каттоо тууралуу салык органынын маалымкаты жок 35 куб метр жыгач ташып келе жаткан автомашина кармалган.

Салыкчылар ошондой эле, 27 тонна битум, 9 миң 500 жарык берүүчү LEDлампа жана 4 трансформатор алып келинген фактыларды аныкташты. Импорттоочулардын колунда мөөнөтү өтүп кеткен товарларды ташып келүү үчүн салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты бар экендиги аныкталган.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM