Биз менен байланышыңыз

Ак-Буура дарыясына кулаган унаанын ичиндеги дагы бир жүргүнчүнүн денеси табылды

Кыска кабар | 15 Июл 2019 | 1025 | 0

Ош облусундагы Ош-Папан-Кожокелең унаа жолунун 60-чакырымынан Ак-Буура дарыясына кулап түшкөн унаанын ичиндеги дагы бир жүргүнчүнүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн болжол менен саат 07:20да 73 жаштагы Р.Э. аттуу эркек кишинин денеси табылган.

Эскерте кетсек, кечээ, 14-июль күнү Ош облусундагы Ош-Папан-Кожокелең унаа жолунунун 60-чакырымында жеңил унаа Ак-Буура суусуна түшүп кеткен. Министрликтин маалыматы боюнча, сууга кулап кеткен «ВАЗ-21099» үлгүсүндөгү унаада 3 эркек жана 1 аял киши болгон. Кечээ саат 19:50дө 56 жаштагы Р.И. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Учурда калган жарандарды издөө иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет.

 

Copyright © 2017 Maral FM