Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Жазаларды аткаруу тутумундагы реформаларга өзгөчө көңүл бурулат

Кыска кабар | 15 Июл 2019 | 561 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын бейтапканасынын ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы өз сөзүндө жазаларды аткаруу кызматынын бардык кызматкерлерин жана ардагерлерин, ошондой эле, медициналык кызматкерлерди госпиталдын ачылышы менен куттуктап, жаңы бейтапканада сапаттуу медициналык кызматтар көрсөтүлөрүнө ишеним билдирди.

«Кызматкерлерди социалдык коргоо маселелери чечилбеген бойдон калууда: турак жайдын жоктугу, маянанын аздыгы жана башка маселелерди биз кадам-кадамы менен чечүүгө ниеттенүүдөбүз. Бардык орун алган маселелер тууралуу жакшы билебиз, мен премьер-министр катары жазаларды аткаруу тутумундагы реформаларга өзгөчө көңүл бурууга аракеттенем», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы эл аралык өнөктөштөргө долбоорду ишке ашыруудагы финансылык, материалдык жана консультациялык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Кошумчалай кетсек, ушул жылы № 32 мекеменин (жатак колониясы) базасында бейтапкананы жана госпиталды ачуу чечими кабыл алынган. Бейтапкана 15 миңге жакын бейтапка медициналык кызмат көрсөтүүгө эсептелген. Объекттин курулуш иштеринин сметалык баасы – 17 млн 412,2 миң сом. Кызыл крест эл аралык комитети эмеректерди жана буюмдарды алууга жардам көрсөтсө, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы тарабынан медициналык жабдуулар сатылып алынды.

Copyright © 2017 Maral FM