Биз менен байланышыңыз

Таласта 450 кг жапайы кара куурай жок кылынды

Кыска кабар | 15 Июл 2019 | 565 | 0

Талас облусунун чек ара кызматкерлери 450 кг жапайы кара куурайды жок кылышты. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Чек ара кызматкерлеринин Бангизатка каршы «Желе» эл аралык операциясынын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында мамлекеттик чек арасынан жапайы кара куурай аянты табылган.

Атайын комиссиянын текшерүүсүнөн кийин ИИМдин, УКМКнын жана жергиликтүү бийликтин катышуусунда 450 кг жапайы кара куурай жок кылынды.

Ошондой эле, Талас облусунун чек ара кызматкерлери 1971-жылы туулган И. Т. аттуу Кыргызстандын жаранын текшерүү учурунда жанынан салмагы 1 кг 495 гр болжолдуу марихуана таап алышты.

 

Copyright © 2017 Maral FM