Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө жоголгон казакстандык туристти издөө улантылууда

Кыска кабар | 15 Июл 2019 | 1018 | 0

Кечээ Ысык-Көлдө скутер менен жоголуп кеткен алматылык (Казакстан) туристти издөө иши бүгүн улантылып жатат. Бул үчүн жалпысынан 68 киши тартылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы «Маралга» кабарлады.

Кечээ, 14-июль күнү Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылынын Кара-Көл эс алуучу жайында, алдын ала маалыматтарга карата, эс алып жүргөн 25 жаштагы жараны скутер айдап кетип дайынсыз жоголгон.

«Бүгүн издөө иштерин жүргүзүү үчүн Ысык-Көл райондук жалпы 66 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 2 адам тартылып моторлуу кайык менен издөө иштери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат ӨКМдин билдирүүсүндө.

Copyright © 2017 Maral FM