Биз менен байланышыңыз

«Дордой» футбол боюнча Кыргызстандын Суперкубогун утуп алды

Кыска кабар , Спорт | 15 Июл 2019 | 810 | 0

Бишкектин «Дордой» клубу футбол боюнча Кыргызстандын Суперкубогун утуп алды.

Кыргыз футболундагы престиждүү делген трофейлердин бири – Суперкубок үчүн алар Оштун «Алай» клубу менен беттешти.

Кечээ Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо өткөн беттеште «Дордойчулар» 2:1 эсебинде утуп алышты.

Бишкектиктер биринчи бөлүктө эсепти ачты. Алайдын футболчулары экинчи бөлүктө эсепти теңеди. Беттештин акыркы мүнөттөрүндө каршы чабуул менен Бишкектин «Дордой» клубу гол киргизип, жеңишти илип кетишти.

Муну менен «Дордой» Кыргызстандын Суперкубогун төртүнчү ирет утуп жатат.

Өткөн жылы бул трофейди «Алай» командасы уткан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM