Биз менен байланышыңыз

Ош шаарын айланып өткөн жол салынат

Кыска кабар | 11 Июл 2019 | 425 | 0

Ош шаарын айланып өткөн жол салынат. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы Бектеналы Абдырахманов билдирди.

Аталган жол Ош шаарын Фуркат айылындагы эски мал базар аймагы аркылуу Озгур айылынан айланып өтүп, заманбап көпүрө менен Папан жолунун кесилишинен чыгат. Узундугу 30 км болгон бул жолдун ишке кирүүсү Ош шаарындагы автотыгындарды жеңилдетет жана оор жүк ташуучу унаалардын шаар жолдорун бузуп кетишинин алдын алат.

Буга чейин документтери, долбоорлоо иштери аяктаган, бирок каржы каралбай келген. Эми Жапония мамлекетинин гранттык колдоосу менен 2020-жылы курулушу башталып, ишке кирүүсү 2022-жылга мерчемделүүдө. Ал үчүн Өкмөттүн макулдугу керектелет.

Мындан сырткары, Бишкек-Ош автожолунун 660-чакырымы менен Ош-Кара-Суу жолунун 1-чакырымын байланыштыруучу узундугу 4,1 чакырым жолду ишке киргизүү үчүн оңдоо иштери башталат.

Ошондой эле, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин тапшырмасы менен Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагы аркылуу Ош шаарына карай кеткен жаңы жолду куруу боюнча «Кыргыз унаа жол» долбоорлоо институту тарабынан изилдөө иштери аткарылган.

Азыркы учурда Кара-Суу райондук Архитектура бөлүмү тарабынан архитектуралык мерчемдөө жана инженердик-техникалык шарттары жана жолдун курулушунун долбоордук сметалык документтери даярдалып бүткөн.

Эми жолдорду куруу үчүн жерлерди ажыратып берүү жана каржылоо маселеси жарым жылдык кеңешмеде каралат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM