Биз менен байланышыңыз

Түштүк Кореядагы Инха университети менен байланыш түзүлдү

Кыска кабар | 11 Июл 2019 | 1623 | 0

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова Тил борборунун директору, Инха университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн деканы, профессор — Ким Чжунг Хо менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Кыргызстандын жарандарына Түштүк Кореянын Инха Университетине гранттык негизде окууга тапшырууга активдүү жардам бергени үчүн профессор Ким Чжунг Хо жана Кыргызстандык активист, Инха университинин студенти Адыл Садыровго ыраазычылык билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM