Биз менен байланышыңыз

Иркутск: 12-июль аза күтүү күнү деп жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Июл 2019 | 743 | 0

Орусиянын Иркутск облусунда 12-июль — Аза күтүү күнү деп жарыяланды. Мындай жарлыкка аталган облустун губернатору Сергей Левченко кол койду.

«Бул коркунучтуу кырсык баарыбыздын жүрөгүбүздү оорутту. Үйүңүздөрдү каптаган кырсыктан кутулуу үчүн баары жардам бергенге даяр. Кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз», — деди Левченко.

Кошумчалай кетсек, Иркутск облусундагы эл жашаган 107 пунктту суу каптаган. Башка аймактарда суу азайганы менен 149 турак жайы бар Тулун шаары дагы деле суу астында калууда. Ал эми суу ташкындан жабыркап ооруканага жаткырылгандардын саны 486га жетти.

Copyright © 2017 Maral FM