Биз менен байланышыңыз

Кыз-келиндер күрөшү: Мээрим менен Назира Азия чемпионатынын финалына чыгышты

Кыска кабар , Спорт | 11 Июл 2019 | 1221 | 1

Кыргызстандык балбан кыздар Назира Марсбек кызы менен Мээрим Жуманазарова жаштар арасында Азия чемпионатынын финалына чыгышты.

Мелдеш Таиланддын Чонбури шаарында өтүп жатат. Аны unitedworldwrestling.org сайты түз алып көрсөтүп жатат.

59 кг салмакта күч сынашкан Назира Марсбек кызы жарым финалда кытайлык Zhuomalaga ZHUOMALAGA’ны 6:3 эсебинде жеңип финалга чыкты.

Назира финалда индиялык балбан кыз Anshu ANSHU менен таймашат.

Ал эми 68 кг салмакта күрөшкөн учурдагы Азия чемпиону Мээрим Жуманазарова да кытайлык балбан кыз Xin LI менен таймашып, 8:1 эсебинде жеңишке ишенимдүү жетип, финалга чыкты.

Мээрим финалда жапониялык Rin MIYAJI менен алтын медаль үчүн күрөшөт.

Жаштар арасындагы Азия чемпионатына Кыргызстандан күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев жетектеген 4 балбан кыз барышкан.

Алардын экөө бүгүн күрөшүп, экөө тең өз салмактарында финалга чыгышты. Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча 16:00дө башталат.

Copyright © 2017 Maral FM