Биз менен байланышыңыз

Ала-Букада 1500 кг жапайы кара куурай жок кылынды

Кыска кабар | 10 Июл 2019 | 484 | 0

Жалал- Абад облусуна караштуу Ала-Бука чек ара кызматынын кызматкерлери 1500 кг жапайы кара куурайды жок кылышты. Бул тууралуу чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Чек ара кызматкерлеринин Бангизатка каршы «Желе» эл аралык операциясынын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынан 80 метр алыс аймактан 4 гектар жапайы кара куурай аянты табылган.

Атайын комиссиянын текшерүүсүнөн кийин, ИИМдин, УКМКнын жана жергиликтүү бийликтин катышуусунда 1500 кг жапайы кара куурай жок кылынды.

Copyright © 2017 Maral FM