Биз менен байланышыңыз

Иркутск: Суу ташкындан жабыркап ооруканага жаткырылгандардын саны 486га жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Июл 2019 | 459 | 0

Орусиянын Иркутск облусундагы суу ташкынынан жабыркаган 486 адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, акыркы бир суткада 127 адам медициналык жардам сурап кайрылышкан.

Иркутск облусунда болгон катуу жаандан улам Ангара өзөнүндө суу ташып, бир нече район суу астында калган. 27-июнда аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Акыркы маалыматтар боюнча, суу ташкынынан 24 киши каза болуп, 37 миң жаран жабыркаган.

Copyright © 2017 Maral FM