Биз менен байланышыңыз

 Жээнбеков расмий визит менен Швейцарияга барды

Кыска кабар | 9 Июл 2019 | 610 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июлда, Швейцариянын Президенти Ули Маурердин чакыруусунда расмий визит менен Швейцарияга барды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Расмий визиттин жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын Президенти Ули Маурер, Федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Улуттук банкынын төрагасы Томас Йордан менен жолугушат.

Экономика, финансы, туризм, региондорду таза суу менен камсыз кылуу жана башка чөйрөлөрдөгү документтерге кол коюу күтүлүп жатат.

Мамлекет башчысы Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугат, ага Кыргызстандан барган ишкерлер катышат.

Copyright © 2017 Maral FM