Биз менен байланышыңыз

«2019-2023-жылдарга азык-түлүк коопсуздугу» программасы кабыл алынды

Кыска кабар | 9 Июл 2019 | 776 | 0

«2019-2023-жылдарга Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу» программасы бекитилди. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

«2019-2023-жылдарга азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу» программасы туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиялык артыкчылыктарын ишке ашыруу, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана республиканын азык-түлүк рыногунун ички жана тышкы коркунучтарына ыкчам аракеттерди көрүү максатында кабыл алынды.

Бул программада саламаттыкты сактоо, билим берүү, экономикалык жана социалдык сектордун тармактарын өнүктүрүү программаларына интеграцияланууга тийиш болгон талаптар жана чектөөлөр аныкталган.

Программада Президенттин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 жарлыгы менен бекитилген «2018-2040-жылдарга Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын» максаттары эске алынды жана азык-түлүк коопсуздугун жана сапаттуу тамак-аш азыктарын камсыздоо боюнча жоболорду аткарууга багытталды.

Copyright © 2017 Maral FM