Биз менен байланышыңыз

Жапондор Кыргызстандын өсүмдүктөрүн изилдейт

Кыска кабар | 9 Июл 2019 | 627 | 0

Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Таалайбек Айдаралиев Жапониянын NARO Улуттук изилдөө борборунан келген Какидзаки Томохиро (Kakizaki Tomohiro) жана Цукуба университетинин профессору  Ёсиока Ёсуке (Yoshioka Yosuke) менен жолукту. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Жапониянын NARO борбору менен департаменттин ортосундагы апрель айында түзүлгөн келишимге ылайык, жапон илимпоздору жаратылышта өтө сейрек кездешкен өсүмдүктөрдөн гербарий чогултуп, изилдөөнүн жыйынтыгында алынган материалдарды эки өлкөнүн генетикалык банктарында сактоого жана андан ары изилдөө иштерин биргелешип жүргүзүүгө макулдашышты.

Айыл чарба министрлигине караштуу айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин кыргыз-жапон биргелешкен изилдөө экспедициясы 9-17-июль күндөрү Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарына саякатка чыгышары да белгиленди. 

Copyright © 2017 Maral FM