Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда ууланып каза болгондордун сөөгү жерге берилди

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Июл 2019 | 1173 | 0

Тажикстандын Согди облусунда ууланып каза болгондордун сөөгү кечээ, 8-июлдун таңында коопсуздук чаралары күчөтүлгөн шартта жерге берилди. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун тажик кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, каза болгондордун сөөгүн жерге берүү аз адамдын катышуусунда жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен күч түзүм кызматкерлеринин көзөмөлүндө өттү. Журналисттердин тажияга катышуусуна жана каза тапкандардын туугандары менен сүйлөшүүсүнө уруксат берилген жок.

Эске салсак, 7-июлда Согди облусунда соттолгон 120 эркек жана 8 аялды үч унаа менен Дүйшөмбү, Нурек жана Яван шаарларындагы колонияга которуу үчүн алып кетип бараткан маалда, жаза аткаруучулар нанга ууланып, анын айынан 14 адам каза болгон.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин баштаганын маалымдады.

Тажикстан: Түрмөдөгү 14 киши нандан ууланып каза болду

Copyright © 2017 Maral FM