Биз менен байланышыңыз

Ысык-Ата райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктары токтотулду

Кыска кабар | 8 Июл 2019 | 465 | 0

Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Конституциянын 64-беренесинин З-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин З-бөлүгүнө жана «Судьялардын макамы жөнүндө» Конституциялык мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык, Марат Канулькулов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктары токтотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM