Биз менен байланышыңыз

Опера жана балет театры оңдолууда

Билим-маданият | 8 Июл 2019 | 968 | 0

Буга чейин белгилүү болгондой, президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги бир катар маданий жайларды кыдырып, абалы менен таанышып чыккан. Анын жыйынтыгында, театралдык оюн-зоок мекемелеринин имараттарын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн тийиштүү тараптарга тапшырма берилип, каражат бөлүнгөн. Аталган тапшырманын негизинде оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын учурдагы абалы менен таанышып кайттык. 

Опера жана балет театрынын жалпы аянты 15 миң чарчы метр, долбоор боюнча оңдоп-түзөө иштерине 210 миллион сом жумшалмак. Бирок, бөлүнгөн 47 миллион сомго бешинчи кабаттан баштап, жер төлөгө чейин оңдоо мүмкүн болгонун мекеменин директору Керим Турапов билдирди. Ал аталган имаратка эң негизги зарылдык катары кондиционер орнотулушу керектигин, бирок планга кирбей калгандыгын айтып, тийиштүү жерлерге кайрылып, маселени чечерин айтты.

— Ремонт иштерине 47 миллион сом бөлүндү. Жалпысынан 36 миллион сомго тендер өткөрүлдү. Бөлүнгөн каражатка бардык ишти бүтүрөбүз деген ойдобуз. Эгер жетпей калса, тиешелүү тарапка каражат сурап кайрылабыз.

Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев Опера жана балет театрын 2-3 жылга жаап, толук оңдоо керектигин, аз каражатка бөлүп-жарып оңдоп-түзөө айла жоктун иши экенин айтат. Ошол эле учурда, театр оңдоп-түзөөдөн өткөндөн кийин элдин талабына төп келген чыгармаларды койбосо, мурункусундай эле жарнама жагынан аксаса, жүргүзүлүп жаткан иштер жөн гана «кожо көрсүн» болуп калат деген пикирде.

— Маданият тармагына каражат жетпей эле келатат. Тышкы оңдоолору өзүнчө кеп. А ичинде кыргыз опералары коюлбай жатпайбы? «Айчүрөк» менен «Саманчынын жолунан» башка эч нерсе жок. Сахнаны ойлогон киши жок.  Ушинтип аз-аздан жасаса, 2-3 жылда эле көрөсүңөр, дагы бир нерсеси калып калыптыр деп акча сурап чыгышат.  Эми, «жоктон көрө жогору» деп туралы, таптакыр ремонту жок деле жүрбөдүк беле.

Эске сала кетсек, Опера жана балет театры акыркы жолу 1978-жылы оңдолгон, ал эми 2016-2017-жылдары жарым-жартылай оңдоп-түзөөдөн өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM