Биз менен байланышыңыз

Керим Турапов: Маданиятыбыз коңшулардан артта калганын төңкөрүштөрдөн байкасак болот

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Ноя 2020 | 1107 | 0

Кыргыз эл артисти Керим Турапов «Маралга» маек берип, 29 жыл аралыгында кыргыз маданияты коңшу мамлекеттер менен салыштырганда жакшы деңгээлде өнүгө албаганын айтты. Анын пикиринде бул тармактын аксак экенин төңкөрүштөрдөн байкаса болот.

«Ошонун артынан 2-3 революция болду. Буга да музыканын таасири бар. Эгерде жан дүйнөсү бай жаштар болсо, Ак үйдүн ичин талкалабайт эле, тарых үчүн сакталып жүргөн Сүймөнкул Чокморовдун сүрөттөрү жоголбойт эле. Жоголду дегенде ал сүрөттөрдү алып кеткен жок, жаштар жыртып, тытып, талкалап баарын жок кылды. Эгерде маданиятты жайылтып, жакшы көңүл бурганыбызда, биз буга барбайт элек. Аларды күнөөлөбөйбүз, биз — мамлекет күнөөлүбүз, эл агартуу иштерин жүргүзбөгөнүбүз үчүн ушундай болду», — деди Эл артисти.

Маданият тармагынын күңгөй-тескейи тууралуу толук материалды бул шилтемеден окуңуз:

Саясатты маданият оңдойт

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM