Биз менен байланышыңыз

Керим Турапов Опера жана балет театрына директор болду

Кыска кабар | 31 Янв 2019 | 1516 | 0

Керим Турапов Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты ээлеп турган Болотбек Осмонов өз арызынын негизинде кызматтан алынганы кабарланган.

Бир канча күн мурун Улуттук академиялык опера жана балет театрында компьютердик Dota-2 оюну өткөнү кабарланып, коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Капаров мындайга жол берилгенин терс баалап, жетекчилерге чара көрүлөрүн айткан.

Керим Турапов – Кыргыз Республикасынын Эл артисти. Ал 2000-2010-жылдары Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын директору болуп турган.

Copyright © 2017 Maral FM