Биз менен байланышыңыз

Керим Турапов: чет өлкөгө сунуш түшкөндө макул болбой койгом

Көңүл ачуу , Марал шоу | 15 Окт 2021 | 5106 | 0

«Марал» радиосунун «Жаңы дем» программасынын «күтүүсүз 3 суроо» рубрикасынын кезектеги коногу КР эл артисти Керим Турапов болду.

Бала кездеги кыялдарыңыздын баары орундалдыбы?

— Кыял, максатсыз жашоо — шайтандын иши эмеспи. Бала кезде мыкты, сонун кыялдарыбыз болот эмеспи. Жаратканга миң мертебе шүгүр, ой-максаттар, эмгектерибиз, кызматыбыз орундалды. Муну менен гана чектелип калбастан, дагы жакшы кыялдарыбызды ишке ашырганга далалаттанып жатам.

— Сиз үчүн жаштыктагы татаал, эң кыйын нерсе эмне болду эле?

— Ар бир адам баласында боло турган процесс — үй-бүлө күтүү, окуу, иштөө. Ошол эле учурда «Кайда баратам, бул көрүнүш мени кайсыл жерге жетелеп барат?» — деген бүдөмүк ойлор келип, эртеңки күндү ачык, жакшы көрө албаган кездер болгон. Анан үйүбүз жок, кош бойлуу келинчегим, балдарым менен көчөгө чыгып калган катаал күндөрдү башыбыздан кечирдик. Бул күндөр эсибизден чыкпайт. Ошол эле учурда өкүнбөйбүз. Ар бир адам барчылыкты, жокчулукту, кыйынчылыкты, ачуу, таттууну да көрүшү керек.

— Кайра артка кайтаар күн болсо, кайсыл учурга барат элеңиз?

— Бүтүндөй бир ааламды багындыра турган — бул: искусство. Адам бийик, бийик максаттарды коюшу керек. Андай мүмкүнчүлүк менде көп болду. Чет өлкөгө сунуштар түшкөн. Анан өз Мекеним мен үчүн жетиштүү болгонбу же ата-энемден алыстагым келген жокпу?.. Айтор, мүмкүнчүлүктү колдоно алган жокмун. Мага дөөлөттү колума берип турганда жалтактап, артка качып туруп алгам. Эгерде кайра мүмкүнчүлүк болсо,  Моцарт, Бетховен өндөнгөн атактуу инсандардай бүткүл дүйнөгө искусство аркылуу таанылмакмын.

Copyright © 2017 Maral FM